May 2011 Update/ky

From Strategic Planning

 

Салам,

Мен, Тинь Чен, - Уикимедиа Фондунун Ишеничтүү өкүлдөр Кеңешинин Төрагасымын.

Уикимедиа Фонду эки ай мурун жарыялаган редакторлор чөйрөсүндөгү тренддерди жаңы изилдөөсүнүн жыйынтыктары (сиз жыйынтыктар менен бул жерден тааныша аласыз) акыркы бир канча жыл бою Уикимедианын долбоорлорун оңдоо кыйындап баратканын көрсөтүп жатышат. Кеңеште бул маселе боюнча өткөн айда узак талкуу болуп өттү, жыйынтыгында бир добуштан бул арыз макулдашылды, анда сизди бизге кошулууга жана Уикимедианын долбоорлору ачык жана биргелештирүүчү болууга жардам берүүңүздү өтүнөбүз.

Кичи пейилдикке, чечимибизди окуңуз, жана ага комментарийиңизди берүү, пикир бөлүшүүңүздү өтүнөбүз.

Эң жакшы каалоолор жана Уикимедианын долбоорлоруна катышууңузду алкыштоо менен,

Тинь Чен,
Уикимедиа Фондунун Ишеничтүү өкүлдөр Кеңешинин Төрагасы.

Чечим: Ачыктык

Биз, Уикимедиа Фондунун Ишеничтүү өкүлдөр Кеңеши, долбоорлорубуздун коомчулуктарын сакайтууну улантуу миссиябызды аткаруу үчүн маанилүү. Уикимедианын долбоорлору ачыктык, бирге аракеттешүү жана сапат маданиятына негизделген жана бул адамзат билиминин дүйнөдөгү эң ири жыйнактарынын бирин жаратууга алып келди. Бирок, Уикимедианы окугандар жана колдогондордун санын дүйнө жүзүндө өсүүсүнө карабастан, редакторлордун чөйрөсүндөгү тренддердин акыркы изилдөөсү катышуу азайышын жана жаңы редакторлордун кетүүсүн көрсөттү.

5 жылдык стратегиялык планыбызда белгиленгендей, Викимедиа жаңы ар кандай редакторлорду тартууга жана тажрыйбалуу редакторлорду сактап калууга муктаж. Редакторлор коомчулугунун туруктулуугу учурдагы долбоорлорубуз жана кыймылыбыздын узак мөөнөтүү туруктуулугу жана сапаты үчүн чечүүчү мааниге ээ.

Бул маселенин көз карашы менен башкы приоритетибизди карап көрсөк. Баардык катышуучуларды долбоорлордун үстүндөгү күнүмдүк иш жүзүндө бул маселелер жөнүндө ойлонуусун өтүнөбүз. Бул жетекчи жамаатынын приоритетин ишке ашыруусун аткаруучу мүдүрдү колдойбуз жана ага бул маселени чечүүгө коомчулук менен иштөө, коомчулук аракеттерин арттыруу жана техникалык өркүндөтүүлөрдү киргизүү жолу менен бул маселеге арналган Фонддун ресурстарын көбөйтүүсүн сунуш кылабыз. Ошондой эле долбоорлорду мындан дагы оңой, ак ниеттүү, көнүлчөөк кылууга иштеп чыгуучуларды, редакторлорду, Уикидолбоорлорду жана бөлүмдөрдү колдойбуз.

Кеңеш бул ишти жүргүзүүгө жардам берүүнү чечти жана Фонддун жардамынын атайын талаптарды аткаруусун кубаттайт. Ачыктык жана жалпы катышууну камсыздандыруу боюнча максаттарыбызга жетүү үчүн жаңы ойлор менен бөлүшүүгө чакырабыз жана кубаттайбыз.

Биз Викимедиа коомчулугун ачыктык жана кызматташтыкты кеңейтүүгө чакырабыз:

• Жаңы редакторлорго сабырдуу, кайрымдуу, сый мамилее түзүү, жаңы редакторлордун алдында турган маселелерди баамдоо жана аларды чечүү жолдорун издөө, башкаларды ошондой мамиле кылууга чакыруу;

• Долбоорлордо байланышты жакшыртуу, жоболорду жана маалымат системаларын жөнөкөйлөштүрүү, жоболорду жана шаблондорго, эскертүүлөргө, өчүрүүлөргө тиешелүү тажрыйбаларды жакшыртуу жана ылымы жакындыгын арттыруу ишин коллегалар менен алпаруу;

• Колдонууну жөнөкөйлөштүргөн жана түшүнүктүүлүктү жакшыртуунун жаңы мүмкүнчүлөктөрдү жана аспаптарды иштеп чыгуу жана киргизүүнү колдоо;

• Коомчулуктун бул маселелер боюнча кабардар болгондугун камсыз кылуу жана айрым кишилердин, топтордун жана бөлүмдөрдүн аракеттерин колдоо боюнча жоопкерчиликти арттыруу;

• Талаштарды азайтуу, биргеликте иш алпаруу жана достук, кызматташтык маданиятын, анын ичинде рахмат айтуу жана алкыштоону, илгерилөөтүү, мыкты тажрыйбаларды жана коомчулук лидерлерин колдоо боюнча коллегалар менен биргеликте иш алпаруу;

• Кыйратуучу жана кастык кылык-жорукка тоскоол практикасын өнүктүрүү үстүндө биргеликте иштөө, бузуучу жана куугунтуктоочуларды сүрүп чыгуу боюнча коллегалар менен биргеликте иш алпаруу.

Эскертүү: